Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-майы № 7/3
Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Алмас кызы Жайнагүлдүн жүргүзүп жаткан иштери боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна таянып, айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Алмас кызы Жайнагүлдүн жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып, талкуулап Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Алмас кызы Жайнагүлдүн жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Мектеп жашына чейинки бөбөктөр ичүү үчүн Ж.Алимов атындагы мектебинен жол боюна чыгарылган жерден суу түтүкчөсүн улап келүү жагы каралсын жана бөбөктөр арасында богок, анемия, гепатит, ичеги –карын, ОРВИ жана башка жугуштуу оорулардын катталышына жол бербөө, алардын таралышын кыскартуу боюнча иш-чараларды көрүү жагы, ФАП башчыларына жана С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо, спорттун бардык түрү, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Акмөндүр Орозалиевге жана айыл башчыларга тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |
С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасы боюнча
БИЛДИРҮҮ
С.Шабырбекова атындагы бала бакчасында учурда 15 кызматкер эмгектенип,116 бала тарбияланып жатат. 2016-2017-окуу жылында жылдык иш планда С.Шабырбекова атындагы бала бакчанын эмгек жамааты төрт негизги милдетти аткарууга максат кылганбыз.
1.Балдарды ар тараптан өнүктүрүү.
2.2013-2018-жылга карата ден соолукту коргоо программасына ылайык тарбиялануучулардын ден соолугун чындоого багытталган дене тарбия, денени чындоого багытталган иш чаралар системасын өнүктүрүү.
3. Мектеп жашына чейинки балдарды сарамжалдуулука тарбиялоо.
4.Экологиялык тарбиялоо.
Бала бакчада балдардын тарбиялануусуна, татыктуу билим алышына жана ар тараптан өнүгүүсүнө эң жакшы шарттар түзүлгөн. Алсак, жылдык иш пландын негизинде ачык сааттар өткөрүлдү. Тарбиячылар балдар бакчасында райондук денгээлде өткөрүлгөн семинарларга метод алмашуу үчүн катышып келишти, ошондой эле Алай райондук билим берүү бөлүмүнөн методикалык жардамдарды, балдар үчүн китептерди,оюнчуктарды алып жатабыз.
Даярдоо тайпасынын тарбиячысы Алмаматова Санталаттын билими жогорку,пед. стажы 10 жыл, өз билимин жогорулатуу үчүн Ош Билим берүү институтуна курска барып келди. Алмаматова жаны усулдарды колдонуп ачык сабактарды өтүп, ата-энелердин жана балдардын мактоосуна арзыгандыгы, талыкпас эмгеги үчүн Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамотасы» менен сыйланган.Экинчи кенже тайпанын тарбиячысы Ташкулова Жамиланын билими атайын орто, пед. стажы 13 жыл. Жогорку тайпанын тарбиячысы Абдразакова Айнуранын билими бүтпөгөн жогорку, эмгек стажы 9 ай, өз билимин өркүндөтүү үчүн курстан өткөн. Ортонку тайпанын тарбиячысы Шайирбек кызы Гүлзар билими бүтпөгөн жогорку, эмгек стажы 3 жыл, өз билимин өркүндөтүү үчүн курстан өткөн эмес. Орус тили сабагы киргизилген.
Балдардын ден соолугун чындоо үчүн да бир топ иштер жасалууда. Мисалы: балдарды тамактандырууда витаминдүү, каллориялуу тамактардын түрүн берүүгө аракет кылып жатабыз. Балдардын денесин чындоо үчүн бир катар спорттук иш чаралар уюштурулду.
Бала бакча ата-энелер менен тыгыз байланышта иштеп, даталуу күндөрдө ата-энелер үчүн майрамдык кечелер уюштурулуп, мектеп менен бала бакчанын кызматташтыгы да жакшы жолго коюлган. М: «Кош бол бакчам» салтанаты өтүлүп, анда балдардын билим сапаты аныкталып, мектепке өткөрүлдү. Бала бакчага демөөрчүлөр тарабынан кир жуучу машина жана экинчи кенже тайпа үчүн беседка алынды.
2016-жылы ноябрь айында бала бакчанын он жылдыгына карата «Бизге он жыл» аттуу кече өткөрүлүп, методикалык кабинетине бала бакчанын түптөлүшүнө зор салымын кошкон мурдагы бала бакчанын директору Чамашова Разиянын аты берилди.
2016-жылы ноябрь айында 4 бөлмөгө жылуулук жана короонун ичине ата-энелер, коллективдин жардамы менен суу киргизилди. Дагы алдыда жасала турган иштер көп: ашканага буу соргуч алып келүү жана чатырын ондоо, кир жуучу жай жана бассейн куруу, ажатканага жол салуу.
Бала бакчада ар бир кызматкер өз функционалдык милдеттерин жана укуктарын билип, системалуу эмгектенүүдө. Бала бакчанын жамааты райондук кышка карата даярдык кароо сынагында 3- орунду камсыз кылды.
Учурда бала бакча өнүгүүнүн үстүндө, базасы кеңейүүдө. Бала бакчанын иштери коомчулукта зор ишенимге ээ болууда. «Ачык эшиктер» күнүндө жүргүзүлгөн «Балдар бакчасынын жүргүзгөн иштерин баалоо» анонимдүү анкетасы буга далил.