Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-майы № 7/5
«Корул-Камыт микро кредиттик агентсвтосу» коомдук фондусунун негиздөөчүсү Бекмаматова Махпураткандын Корул айылдык кеңешинин депутаттарына кайрылуусунун негизинде Корул-Камыт микро кредиттик агентсвтосу» коомдук фондусун Корул айылынын элине иштетүүсү жөнүндө
Корул айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Корул-Камыт микро кредиттик агентсвтосу» коомдук фондусунун негиздөөчүсү Бекмаматова Махпураткандын Корул айылдык кеңешинин депутаттарына өзү түзгөн коомдук фондду өзүнө кайтарып алып, ачык-айкын Корул эли үчүн «Корул-Камыт микро кредиттик агентсвтосу» коомдук фондусун иштетүүгө шарт түзүлүп, кайрылуусу канаааттандырылсын.
2. «Корул-Камыт микро кредиттик агентсвтосу» коомдук фондусун ушул мезгилге чейин, Бекмаматова Махпураткандын макулдугусуз иштетип жүргөн А.Жороев, А.Абдырахманов, К.Жапаровалар өз ыктыярлары менен Бекмаматова Махпуратканга «Корул-Камыт микро кредиттик агентсвтосу» коомдук фондусун өткөрүп беришсин. Эгер өткөрүп беришпесе мыйзамдуулук жолу менен кайтарылып алынсын.
3. Өзүнө өткөрүп алуу үчүн Бекмаматова Махпураткан иш аракеттерди жүргүзсүн.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо, регламент, дин жана улуттук каада-салттар боюнча, Жамааттар жана Граждандык коом менен иштөө, миграция, кичи жана орто бизнести колдоо, инвестиция тартуу, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссияларына жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |