Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июлу № 22
Санитардык-коргоочу зонанын өлчөмүн азайтуу жөнүндө
Ак-Суу а. Заводская көч.1д дарегиндеги “Саншайн глобал Трейд” ЖЧК дандык чанактуу өсүмдүктөрүн тазалоо жана кайра иштетүү боюнча курулуучу цехи үчүн санитардык коргоо зонасынын өлчөмүн азайтуу жөнүндө маалыматын угуп жана “Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу а. дандык чанактуу өсүмдүктөрүн тазалоо жана кайра иштетүү цехи” долбоорунун мамлекеттик экологиялык экспертизасынын 2017-ж. 16.05. № Э03/П22з корутундусунун, КР Саламаттык сактоо министирлигинин 2017-ж. 06.06. № 01-1/4-6054 катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-ж. № 201 токтому менен бекитилген “Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо санитардык-эпидемиялогиялык эрежелери жана ченемдеринин 31-пунктуна ылайык, Биринчи май айыл кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дандык чанактуу өсүмдүктөрүн тазалоо жана кайра иштетүү боюнча цехин куруу үчүн санитардык-коргоо зонасы 75 метрдин 28 метрге азайтууга макулдук берилсин.
Төрага | С.У. Дунганов |