Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-февралы № 3/1
Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Саитовго “Береке Кей Джи” жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы Орозалиев Ратбек Элебесовичтен Сары-Могол айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак участкасынан лыжа базасын уюштуруу үчүн жер бөлүп берүү боюнча жазган арызын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Сары-Могол айылдык кеңеши “Береке Кей Джи” жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы Орозалиев Ратбек Элебесовичке Сары-Могол айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак участкасынан ОсОО “Эйша Пасифик Ресурсес” жеринин чеги менен ОсОО “Перити Коал” ишканасынын жеринин чегинин ортосунан лыжа база уюштуруу үчүн 130га жер 10 жылдык мөөнөткө убактылуу бөлүнүп берилсин
Бөлүнгөн жердин жайыт салыктарын жана ижара акылары мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн эсеп-учетуна өз убагында түшүп туруусун камсыздоо ижарага алган ишканага милдеттендирилсин.
Чектелип берилген жер убагында лыжа база уюштуруу, уюштурулган лыжа базанын тиешелүү документтерин даярдоо, жеке ишкер Орозалиев Ратбек Элебесовичке милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Саитов жана жер адиси А.Абдыкадыров жана жайыт комитетинин төрагасы Ж.Кошоновдорго жүктөлсүн.
Төрага | Ы. Камилов |