Загрузка документа…
ЖАӉЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23- апрели № 6
Мамлекет тарабынан гуманитардык жардамга келген унду бөлүштүрүүдөгү кемчилдиктер жѳнүндө
2011-жылдын март айында Жаңы-Ноокат айылдык округунун аймагында жашоочу аз камсыз болгон үй- бүлөлөөргө мамлекет тарабынан гуманитардык жардам үчүн берилген унду бөлүштүрүүдө, катаачылыктарга жол берилген. Даректуу келген гуманитардык ун ээлерине толугу менен жетип барбаган. 31 кап ун айыл өкмѳтүнүн кампасында бир ай туруп калган. Депутаттардын Ноокат райондук кеӊеши тарабынан түзүлгон комиссиянын текшерүүсүңдө аталган катаачылыктар аныкталган. Депутаттардын Ноокат райондук Кеңешинин токтому менен айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орду Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына, Социалдык кызматкердин кызмат орду маселеси Жаны-Ноокат айылдык округуна сунушталган. Гуманитардык унду айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия бөлүштүргөндүгүн карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекет тарабынан гуманитардык жардамга келген унду бөлүштүрүүдөгү катаачылыктарды карап чыгуу жагы Жаны-Ноокат айылдык Кеӊешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
2. Ушул маселени бир айдын ичинде карап чыгып өзүнүн сунушун беруу жагы комиссиянын курамына эстетилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | А.Худайназаров |