Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-февралы № 3/2
Сары-Могол айылынын тургуну Б.Кенжебаевтин арызын карап Сары-Могол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн тургуну Б.Кенжебаевтин арызынын негизинде Сары-Могол айыл өкмөтүнүн түндүк чыгыш тарабында жайгашкан Кара-Суу суусунан Б.Кенжебаевке балык чарба уюштуруу үчүн 10 жылдык мөөнөт менен бөлүп берилсин.
2. Берилген мөөнөт ичинде балык чарба уюштурулбаса жер кайтарып алынсын.
3. Балык чарба уюштуруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү Алай райондук жер кадастар жана кыймылсыз мүлкө укуктарды каттоо бөлүмүнөн суралсын
4. Б.Кенжебаев менен келишим түзүү жана берилген жер максаттуу пайдаланылышын көзөмөлгө алуу Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Саитовго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Камилов |