Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-февралы № 3/3
Сары-Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2016-жылда аткарылышы жана 2017-2018-2019-жылдарга болжолу Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2015-жылда аткарылышы, 2016-жыл боюнча маалымат жана 2017-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2018-2019-жылдарга долбоору боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Саитовтун докладын угуп жана талкуулап Сары-Могол айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2016-жылда аткарылышы жылдын жыйынтыгы боюнча канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планы 2017-жылга жактырылып бекитилсин жана 2018-2019-жылдарга болжолдуу пландары бекитилсин.
3. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше 2016-жылга киреше бөлүгү 19207,5 мин сомго ( анын ичинен толуктоочу грант 6551,5 мин сом, оздук кирешелер 12015,2 мин сомго ( анын ичинен 147,5 мин сом),бюджет аралык эсептешуулордон түшкөн акча каражаты 493,3 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 9212,7 мин сомго аткарылгандыгы жактырылып бекитилсин.
4. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 9207,0 мин сомго ( анын ичинен толуктоочу грант 7946,0 миң сом,өздүк кирешелер 1261,0 миң сом , өздүк кирешелердин ичинен салыктык кирешелер 1061,0 миң сом жана салыктык эмес кирешелер 200,0 миң сом ) жана чыгаша бөлүгү 9207,0 мин сомго бекитилсин.
5. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу планы киреше бөлүгү 9474,6 мин сомго (а.и.толуктоочу грант 8150,6 мин сом,өздүк киреше 1324,0 мин сом, анын ичинен атайын каражаттар 200.0 мин сом) 2019-жылга 10049,4 мин сомго (толуктоочу грант 8649,4 мин сом өздүк киреше 1400 мин сом анын ичинен атайын каражаттар 200,0 мин сом ) долбоору бекитилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Саитовго жүктөлсүн.
Төрага | Ы. Камилов |