Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-апрели № 4/1
Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Саитовдун Сары-Могол айыл аймагына караштуу “Борбордук” көмүр кенинен көмүр казуу иштерин жүргүзүү боюнча “Алай лигнит” жоопкерчилиги чектелген коомунун иш кагаздары жөнүндө берген баяндамасын угуп Сары-Могол айылдык кеңеш төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин №03-49103 чыгыш сандуу 25.10.2016-жылдагы ОсОО “Asia Pasific Resurses LTD” ишканасынын иш кагаздарын ОсОО “Алай лигнитке” өзгөртүү жөнүндөгү катынын жана ОсОО “Алай лигнитке” берилген №2989 CE лицензиясынын негизинде Алай районуна караштуу Сары-Могол айыл аймагына караштуу “Борбордук” көмүр кенинен жалпы аянты 33,5га, анын ичинен 15,61га көмүр казып алуу үчүн жана таштанды (отвал) үчүн 15,2га, коммуникация жана жердин кыртышын сактоо үчүн 2,38га жана өндүрүштүк аянтча үчүн 0,31га көмүр казып алууга кайрадан макулдук берилсин.
2. Көмүр казып сатуудан түшкөн салыктардын бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык Сары-Могол айыл өкмөтүнүн казынасына төгүү жагы ОсОО “Алай лигнит” ишканасына жүктөлсүн.
3. ОсОО “Алай лигнит” ишканасы менен келишим түзүү, биргеликте иш алып баруу жагы Сары-Могол айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Саитовго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Камилов |