Редакцияот 01.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Пригород айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын 4-сессиясы

 

2017-жылдын 1-марты № 8

Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо үчүн ветеринардык дарыгердин ишин, биркалардын жана идентификациалоо күбөлүктөрүнүн баасын бекитүү тууралуу

Аламүдүн райондук ветеринардык жана фитасанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 16.02.2017-жылдагы №01-4/042 «Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо үчүн ветеринардык дарыгердин ишин, биркалардын жана идентификациалоо күбөлүктөрүнүн баасын бекитүү» тууралуу катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жаныбарларды идентификациялоо тууралуу» Мыйзамына ылайык жана Пригород айыл өкмөтүнүн жаныбарларды идентификациялоого катышкандыгына байланыштуу

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тoмoндoгүү ири мүйүздүү малдарды идинфикациялоо, ветеринардык дарыгердин кызматын, биркалардын жана идентификация күбөлүктөрүнүн баасы малдын бир башына 87 сом 76 тыйын деп бекитилсин,анын ичинен:

-бекитилген биркалардын баасы -37 сом 76 тыйын;

-ветеринардык дарыгердин кызматы -50 сом

2. Калкка ветеринардык кызмат көрсөтө турган ветеринардык дарыгерлерге карата төлөнүүчү көлөмү бекитилсин.

3. Пригород айыл өкмөтүнүн ветеринар дарыгери Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы мамлекеттик агентиги менен көрсөтүлө турган ветеринардык кызматтардын баасын макулдашсын.

4. Эмгек келишим учурунда ветеринардык дарыгерге бир айга 6000 (алты миң )сом өлчөмүндөгү төлөм бөлүнүп берилсин.

5. Пригород айыл өкмөтүнүн аймагындагы малдарды идентификациялоо мамлекеттик бирдиктүү реестр программасынын иштөөсүн камсыздоо үчүн 2000 (эки миң) сом өлчөмүндөгү төлөм жүргүзүү менен ветеринардык дарыгерге оператордун милдети жүктөлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши жер-агрардык маселелер , мал чарбачылык, ветеринария жана экология боюнча комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Абдуллаев