Загрузка документа…
ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 15
Пригород айыл өкмөтүнүн жайыттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Нормативдик укук актылар жөнүндө» Мыйзамынын 8-статьясына жана Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине ылайык жайыттарды эффективдүү, рационалдуу пайдалануу жана башкаруу максатында Пригородный айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пригородный айыл аймагынын жайыт комитетинин сунушун эске алып 2017- жылга карата жайыттарды пайдалануу үчүн төмөндөгү сунуш кылган төлөмдөрү бекитилсин:
А) Катталган жактар үчүн:
-ири мүйүздүү малга 100 сом бир башка
-майда мүйүздүү малга 20 сом бир башка
-жылкыга 100 сом бир башка
-1жаштан 3 жашка чейинкилерге 70 сом бир башка
Б) Катталбаган жактар үчүн:
-ири мүйүздүү малга 100 сом бир башка
-майда мүйүздүү малга 40 сом бир башка
-жылкыга 200 сом бир башка
-1жаштан 3 жашка чейинкилерге 150 сом бир башка
В) Жайыттарды башка максаттарга пайдалангандар (мал жаюу менен байланышпаган) үчүн төлөмдөр келишимдин негизинде алынат, салык базасынын ал эми максималдуу төлөм аныкталган эмес. Башкача айтканда бардык түрдө пайдалануу үчүн жайытттарга болгон максималдуу төлөм жөнүндө жобонун жоктугу.
2. №1тиркемеге ылайык киреше жана чыгаша сметасы бекитилсин.
3.Пригород айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы колдонулуп жаткан жер участокторуна карата жер салыгын чогултуу жана келип түшкөн акча каражаттарды жергиликтүү бюджетке жөнөтүү милдети.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы С. Паязовка жүктзлсүн .
Төрага | А. Абдуллаев |