Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-февралы № 51/11-4
Токмок шаарынын “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИнин директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 2017-жылдын 16-февралындагы чыг.№266/1-4/1 Токмок шаарынын “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИнин директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 20-февралындагы отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын “Коммуналдык ишканалар комбинаты” МИнин директору бош кызмат ордуна – Карагулов Талгатбек Ишеналиевичти дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. мэрине жүктѳлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |