Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 53/11-4
“Токмок ш. ТККны чогултууну, алып чыгууну жана таштандыны иштетүүнү натыйжалуу уюштуруу” МЖӨнүн долбоорун демилгелөөгө, ишке ашырууга жана даярдоо боюнча консультациялык тейлөөлөрдү каржылоо үчүн МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо Фондунун жана башка булактардын каражаттарын тартууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 2016-жылдын 24-ноябрындагы чыг.№1953/1-4 “Токмок ш. ТККны чогултууну, алып чыгууну жана таштандыны иштетүүнү натыйжалуу уюштуруу” МЖӨнүн долбоорун демилгелөөгө, ишке ашырууга жана даярдоо боюнча консультациялык тейлөөлөрдү каржылоо үчүн МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо Фондунун жана башка булактардын каражаттарын тартууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 19-январындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларда каралган шарттарда “Токмок ш. ТККны чогултууну, алып чыгууну жана таштандыны иштетүүнү натыйжалуу уюштуруу” МЖӨнүн долбоорун демилгелөөгө жана ишке ашырууга макулдук берилсин.
2. “Токмок ш. ТККны чогултууну, алып чыгууну жана таштандыны иштетүүнү натыйжалуу уюштуруу” МЖӨнүн долбоорун даярдоо боюнча консультациялык тейлөөлөрдү каржылоо үчүн МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо Фондунун жана башка булактардын каражаттарын тартууга макулдук берилсин.
3. “Токмок ш. ТККны чогултууну, алып чыгууну жана таштандыны иштетүүнү натыйжалуу уюштуруу” МЖӨнүн долбоорун ишке ашыруу боюнча жоопкерчилик Токмок шаарынын мэриясынын жетекчилигине (Шамыралиев Ж.Дж.) жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |