Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 54/11-4
Депутат М.К.Джаманбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда өз ыктыяры менен токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» мыйзамынын 3 б., Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын 52 б., Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамынын 24 б. ылайык, мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 15-февралындагы отурумунун протоколуна ылайык жана Токмок шаардык кеңешинин депутаты М.К.Джаманбаевдин 14.02.2017-жылдагы жеке арызынын негизинде
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «АК» партиясынан Токмок шаардык кеңешинин депутаты Джаманбаев Мырза Кермалиевичтин депутаттык ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызы канааттандырылсын.
2. Ушул токтом Токмок шаардык кеңешинин бош калган депутаттык мандатынын ордун ээлөө үчүн Токмок аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токмок шаардык кеңешинин депутаты М.К.Джаманбаевдин депутаттык мандаты 2017-жылдын 28-февралынан баштап мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |