Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 56/11-4
Токмок ш. ММБсынын теңдеминдеги кубаттулугу 0,4 кВ. болгон электр өткөрүү линиясын “Северэлектро” ААКтын теңдемине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 2017-жылдын 03-февралындагы чыг.№183/1-4 электр өткөрүү линиясын мындан ары колдонуу жана тейлөө максатында “Токмок-Социум” ТЖКК дарегинде жайгашкан сметалык наркы 1 533 333 сомду түзгөн Токмок ш. ММБсынын теңдеминдеги кубаттулугу 0,4 кВ. болгон электр өткөрүү линиясын “Северэлектро” ААКтын теңдемине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак жай-коммуналдык кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 10-февралындагы отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Электр өткөрүү линиясын мындан ары колдонуу жана тейлөө максатында “Токмок-Социум” ТЖКК дарегинде жайгашкан сметалык наркы 1 533 333 сомду түзгөн Токмок ш. ММБсынын теңдеминдеги кубаттулугу 0,4 кВ. болгон электр өткөрүү линиясын “Северэлектро” ААКтын теңдемине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак жай-коммуналдык кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |