Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-марты № 59/12-4
Токмок ш. биринчи вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 2017-жылдын 22-мартындагы чыг.№465/1-4 Токмок ш. биринчи вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 22-мартындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. биринчи вице-мэри кызмат ордуна – Келдибеков Нурлан Белековичти дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. мэрине жүктѳлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |