Редакцияот 13.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын кезектеги 13- сессиясы

 

2017-жылдын 13-майы № 63/13-4

Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 9-февралындагы №179/22-8 “№8 орто мектебине Алыкул Осмоновдун ысымын берүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Токмок ш. прокуратурасынын 2017-жылдын 20-февралындагы чыг.№16/2-17 каршылыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык келтирүү максатында, социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 18.04.2017-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен,

Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 9-февралындагы №179/22-8 “№8 орто мектебине Алыкул Осмоновдун ысымын берүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.

2. №8 орто мектебине көрүнүктүү кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун ысымын берүүгө макулдук берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А. Солтобаев