Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-майы № 64/13-4
Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 9-февралындагы №176/22-4 “Токмок ш. КИКтин директору Оскенов Акылбек Бозумовичти жана Токмок Водоканал МИнин директору Джаманбаев Мырза Кермалиевичти кызматынан бошотууга макулдук берүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Токмок ш. прокуратурасынын 2017-жылдын 20-февралындагы чыг.№16/2-17 каршылыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык келтирүү максатында, мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 03.05.2017-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 9-февралындагы №176/22-4 “Токмок ш. КИКтин директору Оскенов Акылбек Бозумовичти жана Токмок Водоканал МИнин директору Джаманбаев Мырза Кермалиевичти кызматынан бошотууга макулдук берүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |