Редакцияот 13.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын кезектеги 13- сессиясы

 

2017-жылдын 13-майы № 65/13-4

Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 9-февралындагы №181/22-10 “Токмок шаардык кеңешинин төрагасынын М.Б.Таджиевди Токмок шаардык кеңешинин төрагасынын м.а. болуп дайындалышы жөнүндө буйрукту - мыйзамсыз деп жокко чыгаруу жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Токмок ш. прокуратурасынын 2017-жылдын 20-февралындагы чыг.№16/2-17 каршылыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык келтирүү максатында, мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 03.05.2017-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен,

Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 9-февралындагы №181/22-10 “Токмок шаардык кеңешинин төрагасынын М.Б.Таджиевди Токмок шаардык кеңешинин төрагасынын м.а. болуп дайындалышы жөнүндө буйрукту - мыйзамсыз деп жокко чыгаруу жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А. Солтобаев