Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-майы № 67/13-4
Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 9-февралындагы №178/22-7 “Панфилов көчөсүндөгү, 22/1, К-1 зонасынан С-1 зонасына – жер тилкенин зоналарга бөлүү коэффициентин алмаштыруу жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Токмок ш. прокуратурасынын 2017-жылдын 20-февралындагы чыг.№16/2-17 каршылыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык келтирүү максатында, ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 12.04.2017-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 9-февралындагы №178/22-7 “Панфилов көчөсүндөгү, 22/1, К-1 зонасынан С-1 зонасына – жер тилкенин зоналарга бөлүү коэффициентин алмаштыруу жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Панфилов көчөсүндөгү, 22/1, К-1 зонасынан С-1 зонасына – жер тилкенин зоналарга бөлүү коэффициентин алмаштырууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |