Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-майы № 68/13-4
Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 9-февралындагы №182/22-11 “Токмок шаарынын мэриясы ҮДБнын филиалынын имаратын (Камкор Ордо) КБга ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Токмок ш. прокуратурасынын 2017-жылдын 20-февралындагы чыг.№16/2-17 каршылыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык келтирүү максатында, ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 12.04.2017-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 9-февралындагы №182/22-11 “Токмок шаарынын мэриясы ҮДБнын филиалынын имаратын (Камкор Ордо) КБга ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |