Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-майы № 70/13-4
Токмок шаарындагы аты жок көчөгө (Проектируемая көч.) ысым берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Аты жок көчөнүн (Проектируемая көч.) тургундарынын 22.11.2016-ж. кир.№324/02-12 аты жок көчөгө (Проектируемая көч.) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Юсуп Таджиевдин ысымын берүүгө макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 16.03.2017-ж. протоколуна жана “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аты жок көчөгө (Проектируемая көч.) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Юсуп Таджиевдин ысымын берүүгө макулдук берилсин.
2. Көчөгө ысым берүү менен байланыштуу чыгымдар (көчөнүн аталышы менен такталарды даярдоо, орнотуу) кайрылуучу тараптын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Токмок-Чүй аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы (Момункулов М.А.) тарабынан, Токмок шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы (Кыдырбаев А.Ю.) тарабынан тийиштүү өзгөртүүлөр эсепке алуучу, инвентаризациялык маалыматтарга киргизилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция органдарына жѳнѳтүлсүн.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында басылып чыгарылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |