Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-майы № 71/13-4
Сатылып алынып жаткан жабдууларды жана насыялык каражаттардын эсебинен сатылып алынган башка мүлктөрдү күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 2017-жылдын 20-февралындагы чыг.№292/1-4 катын карап жана талкуулап чыгып жана ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 12.04.2017-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарында суу менен камсыздоону жана канализацияны калыбына келтирүү” долбоорунун алкагында сатылып алынып жаткан жабдууларды жана насыялык каражаттардын эсебинен сатылып алынган башка мүлктөрдү күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. мэрине (Ж.Дж.Шамыралиев) жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |