Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-майы № 72/13-4
Токмок шаардык кеңешинин 25.11.2009-жылдагы №133/22-2 “52806 аскердик бөлүгүнүн от жагуучу жайын Токмок ш. муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” токтомуна кошумчаларды киргизүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 28.03.2017-ж. чыг.№526/1-4 Токмок шаардык кеңешинин 25.11.2009-жылдагы №133/22-2 токтомуна кошумчаларды киргизүү жөнүндө катын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын коргонуу иштери боюнча Мамлекеттик комитетинин берилүүчү объектилеринин тизмесин тактоо боюнча жумушчу комиссиясынын 14.12.2016-ж. протоколуна жана ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча жана өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча биргелешкен туруктуу депутаттык комиссиясынын 12.04.2017-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 25.11.2009-жылдагы №133/22-2 “52806 аскердик бөлүгүнүн от жагуучу жайын Токмок ш. муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгү кошумчалар киргизилсин:
- 1-пункту “Токмок ш. муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” деген сөздөрдөн кийин, “узундугу – 6324 ч/м жылуулук трассасы; узундугу – 1900 ч/м буу өткөргүч; узундугу – 1430 ч/м канализациялык тармак; узундугу – 3084 ч/м суу өткөрүүчү түтүк” деген сөздөр менен толукталсын.
- 3-пунктунан “Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Машалаева Р.Ш.) жана Токмок ш. мэри К.К.Исаевге жүктөлсүн” деген сөздөр алынып салынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча жана өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча биргелешкен туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. мэрине (Ж.Дж.Шамыралиев) жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |