Загрузка документа…
НООКАТ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-апрели №15-2
Депутаттардын Ноокат райондук кеңешинин туруктуу комиссиясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү" Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, депутаттардын Ноокат райондук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук кеңешинин депутаттары Ташбаев Маматсапа Алиевич депутаттардын Ноокат райондук кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгына байланыштуу "Транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика" боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан, Абдувахидов Абдугаффар Саипжановичтин ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, депутаттардын Ноокат райондук кенешинин "Мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттык этика" боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан бошотулсун.
2. Ноокат райондук кенешинин депутаттары болуп катталган Тойгонбаев Сабыр Абдувапович, депутаттардын Ноокат райондук кенешинин "Транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика" боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, Ташиев Марип депутаттардын Ноокат райондук кенешинин "Мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттык этика" боюнча туруктуу комиссиясынын курамына мүчө болуп толукталсын.
Ноокат райондук кенешинин төрагасы |
М.Ташбаев |