Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-майы № 73/13-4
Аза кызматын көрсөтүүгө жаңы тарифтеринин прейскурантын бекитүү жөнүндө
Токмок ш. Коммуналдык ишканалар комбинатынын 02.05.2017-ж. чыг.№1131/4 катын карап жана талкуулап чыгып, Токмок ш. Коммуналдык ишканалар комбинаты Кыргыз Республикасынын Чүй облусу боюнча табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин мамлекеттик региондук реестринен чыгарылгандыгына байланыштуу, ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 03.05.2017-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аза кызматын көрсөтүүгө жаңы тарифтеринин төмөнкү прейскуранты бекитилсин:
- чоңдорго көрүстөн казуу – 689 (алты жүз сексен тогуз) сом; балдарга – 344 (үч жүз кырк төрт) сом;
- капталган жыгач табыт даярдоо – 3468 (үч миң төрт жүз алтымыш сегиз) сом;
- жыгач крест даярдоо – 179 (жүз жетимиш тогуз) сом.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция органдарына жѳнѳтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |