Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-майы № 74/13-4
Жаныбарларды идентификациялоо жүргүзүү боюнча баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 12.05.2017-ж. чыг.№868/1-4 жаныбарларды идентификациялоо жүргүзүү боюнча баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө катын карап жана талкуулап чыгып, 2017-жылдын 11-майында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кээ бир ыйгарым укуктарды өкүлдөө боюнча типтүү келишим түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы №694 “Жаныбарларды идентификациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” Токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кээ бир ыйгарым укуктарды өкүлдөө боюнча Токмок ш. мэриясы менен ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын алдындагы Чүй райондук башкармалыгынын ортосундагы келишим бекитилсин.
2. Жаныбарларды идентификациялоо жүргүзүү боюнча баалардын төмөндөгү прейскуранты бекитилсин:
- белги сырганын комплекти жана аппликатор – 38 (отуз сегиз) сом;
- каттоочунун тейлөөсү – 32 (отуз эки) сом.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. мэрине (Ж.Дж.Шамыралиев) жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |