Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-майы № 75/13-4
Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттин эсебинен берилүүчү каражаттарды республикалык бюджетти калыбына келтирүүгө (кирешелерди жоготууну жана каржылык ажырымдарды жабууну компенсациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 2017-жылдын 04-майындагы чыг.№828/1-4 Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын көрсөтмөсүнө ылайык Токмок ш. мэриясына кирешелерди жоготууну компенсациялоодон республикалык бюджетти калыбына келтирүүгө жана каржылык ажырымдарды жабууга макулдук берүү жөнүндө катын карап жана талкуулап чыгып, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 11.05.2017-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. мэриясы үчүн 70186 функционалдык классификациялоо боюнча эсебин ачуу менен – республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү каражаттарды, жергиликтүү бюджетке кайра кайтаруу шарты менен, 3000,0 миң сом өлчөмүндө Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттин эсебинен берилүүчү каражаттардан 1600,0 миң сом республикалык бюджетти калыбына келтирүүгө (кирешелерди жоготууну жана каржылык ажырымдарды жабууну компенсациялоо) макулдук берилсин.
2. Республикалык бюджеттин 1400,0 миң сом өлчөмүндөгү калган каражаттары төмөндөгүлөргө жөнөтүлсү:
- 1000,0 миң сом Токмок ш. КИКтин 2016-жылы аткарган жумуштары үчүн кредитордук карызын жабууга;
- 9-май Жеңиш Күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараны даярдоого жана өткөрүүгө 103,0 миң сом, анын ичинен Токмок ш. маданият бөлүмүнө – 100,0 миң сом, Токмок ш. СӨБгө – 3,0 миң сом, көрсөтүлгөн суммаларга ассигнованияларды азайтуу менен;
- 297,0 миң сом Токмок ш. ММБ аркылуу шаардын ичиндеги жолдордуу оңдоо иштерин жүргүзүүгө.
3. Компенсациялоонун жыйынтыгында бошогон 103,0 миң сом өлчөмүндө бюджеттик ассигнованиялары шаардын ичиндеги жолдордуу оңдоо иштерин жүргүзүүгө жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. мэрине (Ж.Дж.Шамыралиев) жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |