Загрузка документа…
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-майы № 17/3-27
Логвиненко айыл аймагында жер тилкелерин которуу жөнүндө
Логвиненко айыл аймагынын Новопокровка айылындагы Заречная көчөсүндө жайгашкан Тентишев Эрик Саткынбаевичтин жеке менчик жер тилкелерин талкуулап аки таш чыгаруучу завод куруу боюнча которуу жөнүндө арызын карап чыгып, талкуулап жана “Жерлерди бир категориядан башка категорияга өткөрүү”(трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 19-март 2014-жылындагы №169 токтому, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 13 беренесинин негизинде, убактылуу Жобону колдонмо кылып, Логвиненко айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Логвиненко айыл аймагында Новопокровка айылында Заречная көчөсүндө жайгашкан 6624,0 кв.м.аянты түзгөн Тентишев Эрик Саткынбаевичтин жеке менчик “Айыл чарбага белгиленген” жер тилкелерин “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башкага белгиленген” жерлердин категориясына которууга макулдашылсын.
2. Төмөнкү токтомду Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө айылдык кенештин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Суеркулов |