НООКАТ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ноокат райондук кенешинин (IV чакырылышынын) кезектеги он бешинчи сессиясы
2011-жылдын 16-апрели №15-3
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 7-апрелиндеги «Ноокат районунун 2011-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планын бекитүү жөнүндөгү» № 535 токтому тууралуу
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 7-апрелиндеги «Ноокат районунун 2011-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планын бекитүү жөнүндөгү» № 535 токтому менен бекитилген Ноокат районунун 2011-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолун карап чыгып Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 65-беренесинин 5-пунктуна ылайык депутаттардын Ноокат райондук кецеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 7-апрелиндеги «Ноокат районунун 2011-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планы жөнүндөгү» № 535 токтому бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Ноокат районунун 2011-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планынын аткарылышын камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана чарба жүргүзүүчү бардык субьектилердин (менчигинин түрүнө карабастан) жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Райондун агрардык өнүктүрүү башкармасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте:
- азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында 2011-жылда айыл чарба эгиндеринен мол тушум алууда жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жакшыртууда эгиндерди которуштуруп айдоо, жер аянттарын кошумча азыктандыруу жана өз мөөнөтүндө сугат суу менен камсыздоо боюнча зарыл чаралар көрүлсүн,
- мал чарбасынын асылдуулугун арттыруу, ветеринардык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, малдар арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу менен калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, фермерлерге, жеке ишкерлерге жакындан жардам көрсөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ноокат райондук кенешинин төрагасы |
М.Ташбаев |