Редакцияот 13.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 13-майы № 18/3-27

Логвиненко айыл аймагында жер тилкелерин которуу жөнүндө

Логвиненко айыл аймагынын Новопокровка айылындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан жер тилкелерин материалдарын карап чыгып, талкуулап аки таш чыгаруучу завод куруу боюнча которуу жөнүндө арызын карап чыгып, талкуулап жана “Жерлерди бир категориядан башка категорияга өткөрүү”(трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 19-март 2014-жылындагы №169 токтому, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 13 беренесинин негизинде, убактылуу Жобону колдонмо кылып,

Логвиненко айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Логвиненко айыл аймагында Новопокровка айылында Ленин көчөсүндө жайгашкан 0,2 га жалпы аянты түзгөн “Айыл чарбага белгиленген” жер тилкелерин “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башкага белгиленген” жерлердин категориясына курулуш имараттарын курууга которууга макулдашылсын.

2. Төмөнкү токтомду Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө айылдык кенештин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Р. Суеркулов