Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты № 6/3
Кочкор айылынын айыл өкмөтүндө администрациялык комиссияларды түзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө
Кочкор айылынын айыл өкмөтүндө администрациялык комиссияларды түзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндөгү 2017-жылдын 17-мартындагы №236-катын карап, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айылынын айыл өкмөтүндө администрациялык комиссияларды түзүү боюнча жобосу бекитилсин.
2. Түзүлгөн администрациялык комиссиянын курамына № 4135-4136 ЖТИ, И.Арабаев шайлоо округунан депутат Бейшенбеков Болот, №4138 Тендик шайлоо округунан депутат Акимканов Урмат Баяманович жана №4139-Үкөк шайлоо округунан депутат Нурмамбетов Самед Жангабыловичтер киргизилсин.
3. Бекитилген жобонун мыйзам чегинде аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
Төрага | Т. Балкыбеков |