Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты № 6/4
Айыл чарба, турак-жай алдындагы жерлердин жана айыл чарбалык эмес жерлердин жер салыгынын (базалык) ставкаларын көтөрүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнүн айыл чарба, турак-жай алдындагы жерлердин жана айыл чарбалык эмес жерлердин жер салыгынын (базалык) ставкаларын көтөрүү жөнүндөгү сунушун карап, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кочкор айыл аймагы боюнча айыл чарбалык жана турак-жай алдындагы жерлердин салыгынын ставкасы 10 пайызга көтөрүлсүн.
Айыл чарбалык эмес жерлеринин салыгынын зоналдык К3 коэффициенти 10пайызга көтөрүлүп 1,1 деп бекитилсин.
2. Жогорулаган салык ставкалары боюнча салыктарды жыйноо, бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жарым жылдык менен өзгөртүүлөрдү киргизүүгө сунуш даярдоо башкы эсепчинин милдетин аткаруучу К.Астрахановго милдеттендирилсин.
3. Салыктардын план тапшырмаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү мамлекеттик салык кызматынын Кочкор райондук башкармалыгынан, бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүү жана толуктоолорду киргизип берүү Кочкор райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
Төрага | Т. Балкыбеков |