Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты № 6/6
“Кочкор-Тазалык” муниципалдык ишканасынын калкка кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
“Кочкор-Тазалык” муниципалдык ишканасынын калкка кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифин бекитүү боюнча Б.Биялиеванын кайрылуусун карап, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кочкор-Тазалык” муниципалдык ишканасынын калкка кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифи Кочкор айыл аймагы боюнча түтүн башына 50 (элүү) сомдон болуп бекитилсин.
2. Кочкор айыл аймагына тиешелүү бардык көчөлөр менен таштанды чыгаруу боюнча келишим түзүү, графигин белгилөө жана бекитилген тариф боюнча элге түшүндүрүү иштерин менен акча чогултуу жагы Кочкор-Тазалык” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Балкыбеков |