Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты № 6/7
Кочкор айыл аймагынан чыгуучу таштандылардын чогулушунун ченемдерин бекитүү жөнүндө
Катуу тиричилик таштандыларды чогултуу ченемдери жана көлөмдөрүн эсептөө тартибин бекитип боюнча Кочкор –Тазалык муниципалдык ишканасынын директору Б.Биялиеванын кайрылуусун карап, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 01-апрелинен баштап Кочкор айыл аймагында чарба жүргүзүүчү субьекттер, ишканалар, уюмдар үчүн катуу тиричилик таштандыларын чогултуу (топтоо) ченемдери жана көлөмдөрүн эсептөө тартиби бекитилсин.
2. 2017-жылдын 01-августуна чейинки мөөнөттө катуу тиричилик таштандыларын чогултуунун бекитилген ченемдери боюнча керектөөчүлөр менен Кочкор айыл аймагында катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызмат келишимдери түзүлсүн.
3. Катуу тиричилик таштандыларынын көлөмдөрүнүн бекитилген эсептөө тартибин сактоо , Кочкор айыл аймагында чарба жүргүзүүчү субьекттер, ишканалар, уюмдар үчүн катуу тиричилик таштандыларын чогултуунун (топтоонун) ченемдерин колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүү жагы Кочкор –Тазалык муниципалдык ишканасынын директору Б.Биялиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
Төрага | Т. Балкыбеков |