Загрузка документа…
НООКАТ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 –жылдын 16-апрели №15-4
Ноокат районунун 2009-жылдагы райондук бюджетинин аткарылышы, 2011-жылга райондук бюджетти жана 2012-2013-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Ноокат районунун 2009-жылга райондук бюджетинин аткарылышы, 2011-жылга каралган райондук бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган. Долбоор тиешелуу мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда, депутаттардын Ноокат райондук кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Ноокат райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылга Ноокат районунун райондук бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 45348.0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2011-жылга райондук бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
Райондук бюджеттин чыгаша бөлүгү 2011-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, дары дармек, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
3. Ноокат районунун 2012-2013-жылдарга райондук бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2, 3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
Кирешенин болжолу 2012-жылга 47098.8 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 222530.8 мин сом менен) жана 2013-жылга 47929.2 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 21556.6 мин сом менен) белгиленсин.
Ноокат районунун 2012-2013-жылдарга райондук бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнүн ашыкча бөлүгү толугу менен райондук бюджеттик мекеменин каржылоосуна кал ары аныкталсын.
Райондук бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын 18-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражат 100% республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
5. 2011-жылы райондук башкаруу орган дарын каржылоого кетүүчү чыгымдар № 4 - тиркемеге ылайык белгиленсин.
6. 2011-жылдын 1-январына карата Ноокат райондук бюджети боюнча жүгүртүүчү кассалык накталай акча 300.0 мин сом суммасында белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын 8-беренесине ылайык райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул райондук бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууна алып келбесе, ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;
- ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө ;
- мамлекеттик кирешелердин болжолунан ашыкча түшүүлөрдүн эсебинен райондук бюджеттин чыгашалар бөлүгүн көбөйтүүнү кароого;
8. Ушул токтомдун тиркемесине райондук мамлекеттик админстрациясы тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр жана тактоолор Депутаттардын Ноокат райондук кенеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.
9. Жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мамлекеттик, муниципалдык кызматчылардын жана башка категориядагы кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан аныкталары эскертилсин.
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансалык-экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык оз алдынчалыгын жана мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
11. Ноокат районунун 2009-жылдагы райондук бюджеттин киреше бөлүгү 46964.4 миң сомго, чыгаша бөлүгү 44761.7 мин сомго же кирешенин чыгашадан 2202.7 мин сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
12. Ноокат районунун 2010-жылдагы райондук бюджеттин киреше бөлүгү 50859.7 миң сомго, чыгаша бөлүгү 49104.0 миң сомго же кирешенин чыгашадан 1755,7 миң сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
13. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Ноокат райондук кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат райондук кеңешинин төрагасы |
М.Ташбаев
|