Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-марты № 6/10
Кочкор айылынын Стадион участкасынан 0,08 га дан жер алган адамдардын кайрылуулары жөнүндө
Кочкор айылынын “Стадион” участкасынан 2008-2009-жылдары 0,08га жер аянттарын пайдаланууга жер алган жарандар “бул жер участкасы 1998-жылы Кочкор айылынын кенейтүүнүн планына кирсе да ошол кездеги айыл өкмөт башчысы жерди турак-жай курууга деп бербей, пайдаланууга бергендигин иликтеп, мыйзамга ылайык сотко кайрылууга макулдук берүү боюнча кайрылууларын карап, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Стадион” участкасы 1998-жылдагы ген.планга киргенби, эмне себептен КБФ нун жерине кирип кеткенин тактап берүү жагы Кочкор айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Балкыбеков |