ТоктомКүчүндө

Кочкор айылдык кеңешинин 2017-жылдын 23-мартындагы № 6/11 «Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө» токтому

Редакция23.03.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз III сессиясы

 

2017-жылдын 23-марты № 6/11

Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кулубекова Мундукка, Тыныкеева Жумакүлгө, Исакова Бубуяга, Усеинова Каликанга, Зухра Ахмедовага, Прачева Надежда Петровнага Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

2. Тиешелүү күбөлүктөрүн берүү Кочкор айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Ж.Балкыбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Балкыбеков