КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз 7- сессиясы
2017-жылдын 30-марты № 7/2
Жайыт комитетине өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитети АРИС проектиси аркылуу техника жана жабдууларды алуу үчүн долбоор өткөрүп жатышат. Долбоордун шарты боюнча жергиликтүү жамаат өздүк салым чыгарыш керек. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Кочкор Жайыт комитетине өздүк салым үчүн айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарынан 250,0 (эки жүз элүү мин) сом акча каражат которулсун.
2. Бөлүнгөн акча каражатын Жайыт комитетинин гранттык счетуна которуп берүүсү башкы эсепчи К.М.Астрахановго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Балкыбеков |