ТоктомКүчүндө

Кочкор айылдык кеңешинин 2017-жылдын 30-мартындагы № 7/4 «Бирдиктүү алдын-алуу күнүн өткөрүү тартибинин жобосун бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция30.03.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз 7- сессиясы

 

2017-жылдын 30-марты № 7/4

Бирдиктүү алдын-алуу күнүн өткөрүү тартибинин жобосун бекитүү жөнүндө

Бирдиктүү алдын-алуу күнүн өткөрүү тартибинин жобосун бекитүүнү карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бирдиктүү алдын-алуу күнүн өткөрүү тартибинин жобосу бекитилсин.

2. Бекитилген жобонун негизинде иш алып баруу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Э.Жумакадыр уулуна тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Балкыбеков