Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 7/5
Кирпич завод участкасындагы үч кыска көчөлөргө ат берүү жөнүндө
Кирпич завод участкасындагы жашоочуларынын чогулушунун 2017-жылдын 29-марттагы көчөлөргө ат берүү боюнча №1-протоколун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кирпич завод участкасындагы түндүктөн түштүккө созулган көчө (мечит жайшашкан) “Шамыркан-Ата” көчөсү, чыгыштан батышка созулган биринчи көчө “Өмүрбек” көчөсү, чыгыштан батышка карай кеткен экинчи көчө “Кадыркул-Ата”көчөсү деп аталсын.
2. Көчөнүн аты өзгөртүлгөнүнө байланыштуу турак-жайларга көчөнүн атын жасатып илдирүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин
3. Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук башкармалыгынан турак-жайлардын номерлерин коюп берүү жагы суралсын.
Төрага | Т. Балкыбеков |