КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз 8- сессиясы
2017-жылдын 12-апрели № 8/2
Нарын областынын Кочкор районунун Кочкор айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагынын Кочкор айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун тактоо жөнүндөгү 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 236-буйругунун негизинде, «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Кочкор айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктунун негизинде Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районун Кочкор айыл аймагынын Болшевик, Кочкор жана Теңдик калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары жактырылсын жана бекитилсин.
2. Кочкор айыл аймагынын Болшевик, Кочкор жана Теңдик калктуу калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институнун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Балкыбеков |