Загрузка документа…
НООКАТ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 –жылдын 16-апрели № 15-5
Жаны-Ноокат, Найман, Бел айылдык округдарындагы калктын аз камсыз болгон катмарына гуманитардык жардам катары келген материалдардын бөлүштүрүлүшү жөнүндө
Ноокат районунун аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдик фондусунан келген ун азыктары 9 805 үй-бүлөгө 490,25 тонна керектелүүчү ун азыктары келип тушкон. Бөлүнгөн ун азыктары текшерилген айылдык округдарына толугу менен жеткирилген. Бирок, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таркатууда бир топ кемчилдиктерге жол коюлгандыгы жөнүндөгу маселе депутаттардын Ноокат райондук кенешинин «Мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясынын кенешмесинде каралган.
Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо министрлигинин 2011-жылдын 4-мартындагы № 13-939 катында бөлүнгөн ундардын таркатылышын көзөмөлдөө райондук социалдык коргоо башкармалыгына тапшырылган. Бирок, көзөмөлдөө талаптагыдай аткарылган эмес. Жогорудагылардын негизинде депутаттардын Ноокат райондук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Ноокат, Найман, Бел, айылдык округдарында «Калктын аз камсыз болгон катмарына гуманитардык жардамдардын болуштурулушуно» айылдык округдун башчылары жетишээрлик маани бербегендиги жана бул багытта начар иш алып баргандыгы белгиленсин.
2. Районго келген гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүгө кайдыгер мамиле жасап, көзөмөлдүк жүргүзбөгөндүгү үчүн Найман айылдык округунун башчысы А.Пазыловго, райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы А. Аблакимовго эскертуу берилсин.
3. Гуманитардык жардамдарды таркатууда одоно кемчилдиктерге жол бергендиги үчүн Жаны-Ноокат айылдык округунун башчысы Н.Юлчиевдин кызмат ордун кароону райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
4. Келген гуманитардык жардамдарды таркатуудагы өз милдетин так аткарбагандыгы, талаптагыдай иш алып барылбагандыгы үчүн Найман айылдык округунун социалдык кызматкери Тешебаев Абдижалил Назарович, Жаны-Ноокат айылдык округунун социалдык кызматкери Талачиев Касымжандын кызмат орундарын кароо айылдык округдун башчыларына сунушталсын.
5. Районго келген ар кандай материалдык жардамдар жогорку органдардын критерийлерине ылайык таркатууну көзөмөлдөө, социалдык маселелерге байланышкан иш кагаздарын, социалдык паспортторду туура жүргүзүү, алардын аткарылышы боюнча маалыматты 2011-жылдын 15-майына чейин райондук кеңешке жазуу жузундо берүү жагы райондогу айылдык округдардын башчыларына, Ноокат шаар башкаруусунун башчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат райондук кенешинин төрагасы |
М.Ташбаев |