ТоктомКүчүндө

Кочкор айылдык кеңешинин 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 8/4 «Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмүнүн аудитинин жыйынтыгы жөнүндө» токтому

Редакция12.04.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз 8- сессиясы

 

2017-жылдын 12-апрели № 8/4

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмүнүн аудитинин жыйынтыгы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2017-жылдын 28-мартындагы № 01-11/108- катынын негизинде жана Кочкор айыл өкмөтүндөгү 2015-жылдын 01-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жүргүзүлгөн пландык текшерүүнүн жыйынтыгын карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2017-жылдын 28-мартындагы № 01-11/108- маллыматы эске алынсын.

2. Кочкор айыл өкмөтүндөгү 2015-жылдын 01-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жүргүзүлгөн пландык текшерүүнүн жыйынтыгындагы актыда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Балкыбеков