Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-апрели № 8/8
Таштанды төгүлүүчү жайды аныктоо жөнүндө
Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу боюнча Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовдун сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнө тиешелүү Кулаган-Акташ участкасындагы жер аянтына катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу боюнча өкмөт башчысы Б.К.Акишов менен 2 тараптуу келишим түзүлсүн жана которулуп бериле турган 1000000 (бир миллион) акча каражатынын ичинде мурунку карыз үчүн 600000 (алты жүз мин) сом кошо эсептелинсин.
2. Семиз-Бел айыл өкмөтү менен келишим түзүү жана акча каражатын которуп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Балкыбеков |