Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-апрели № 8/9
Жайыт комитетине техника алуу үчүн долбоорго кошумча каражат-өздүк салым үчүн каражат бөлүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 12-апрелиндеги №8/8-токтомун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагынын “Жайыт комитетине” АРИС долбоору аркылуу техника алууга кошумча каражат –өздүк салым үчүн 1200,0 (бир миллион эки жүз миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын Жайыт комитетинин гранттык счетуна которуп берүү жагы кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Балкыбеков |