Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-апрели № 8/11
Теңдик айылынын С.Орозбаков көчөсүнүн жээгиндеги кара бактарды декаративдүү бүтөө жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Теңдик айылынын борбордук С.Орозбаков көчөсүнүн жээгиндеги түнкү жарыктарга жана электр линияларына тоскоолдук кылып жаткан кара бактарды декаративдүү кыркуу максатында айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Теңдик айылынын борбордук С.Орозбаков көчөсүнүн жээгиндеги түнкү жарыктарга жана электр линияларына тоскоолдук кылып жаткан кара бактар декаративдүү кыркылсын.
2. Кыркылган бактардын бутактары Кочкор айыл өкмөтүнө кириштелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Теңдик айылынын айыл башчысы Р.Исабаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Балкыбеков |