Загрузка документа…
НООКАТ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 –жылдын 16-апрели№ 15-6
Ноокат районунун № 37-жолдорду тейлөө ишканасынын аткарган иштери жана анын балансасында турган жолдордун бүгүнкү күндөгү абалы жөнүндө
Ноокат районунун № 37-жолдорду тейлөө ишканасы жалпысынан 426 чакырым аралыктагы жолдорду тейлейт. 2010-жылы - 32 621,2 мин сомго райондогу жолдорду ремонттоо жумуштары аткарылган. Ал эми 2011-жылга болгону 17 868,3 мин сомдук иш аткаруу пландаштырылган. Акыркы жылдары № 37-ЖТИнин аткарган иштери бир топ басандап, начарлаган же болбосо 2009-жылга Караганда 2010-жылы жалпы республикалык бюджеттен 25 пайызга аз акча каражат тартылган. Ал эми 2011-жылы 2010-жылга Караганда 45 пайызга аз ремонт иштерине акча каражат бөлдүрүлгөн. Бүгүнкү күндө № 37-ЖТИ тарабынан жергиликтүү маанидеги жолдорду тейлөө иштерине акыркы жылдары көнүл бурулган эмес, ошондуктан ички жолдордун абалы өтө начар. Мисалы, Кызыл-Кыя - Кок-Жар, Кызыл-Кыя Беш-Буркан жолдорун 2009-жылы сел алып, авариялык абалга келген.
Райондук МАИ мекемеси менен биргеликте № 37-ЖТИнын балансасындагы жолдордун абалы көзөмөлгө алынып, изилденип, текшерилип актылар түзүлүшү керек эле. Бирок, № 37-ЖТИнин берген маалыматтарына Караганда ал изилдөөлөр негизинен Ош - Исфана, Ноокат - Араван, Ноокат - Папан, Ноокат Кыргыз-Ата, Ноокат - Кара-Таш, Абшырсай - Додон - Салиева жана Кок-Жар -Кызыл-Кыя жолдору изилденип, актылар түзүлгөн, бирок ал актылар да сапатсыз жазылган жана толук маалыматтар көрсөтүлгөн эмес. Ал эми жергиликтүү маанидеги жолдорго көнүл бурулбай күз мезгилиндеги изилдөө жүргүзүлбөй калууда. Андан сырткары изилдөөнүн актысы менен тийиштүү айылдык округдун башчыларына тааныштыруу же макулдашуу иштери болгон эмес.
Ноокат районундагы жолдорго 604 жол белгиси талап кылынат. Анын ичинен: -330 даана жол белгиси анык орнотулган, 374 даана жол белгиси жетишпейт, 231 даана жол белгисине ремонт талап кылынат. Жолдордун начардыгынан 3 автобус каттамындагы Ноокат - Араван, Ноокат - Папан жана Кок-Жар - Кызыл-Кыя (Нарай аркылуу) багытында жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынган. Ош -Исфана жолунун 1 суткалык автоунаа өтүү интенсивдүүлүгү 7 000 машинаны түзөт. Бул биздин жол үчүн өтө көп, оор жук ташыган машиналарды Ош Пирим, ЖЧК, Кызыл-Кыя цемент заводунун жетекчилери жолдорду оңдоого салым кошуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзуү зарыл.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Ноокат райондук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат районунун № 37-жолдорду тейлоо ишканасынын балансасындагы жергиликтүү жолдордун техникалык абалы начар экендиги белгиленип, ишкананын жетекчиси Ч.Сактановго эскертүү берилсин.
2. Райондук № 37-жолдорду тейлөө ишканасынын жетекчиси Ч.Сактановго:
- жергиликтүү жолдорду ондоо,
- жолдорго жол белгилерин орнотуу,
- баланстагы жолдорду «жолдо журуу шарттарын жазгы изилдөө» иш чарасын РИИБнун ЖКК менен биргеликте уюштуруу,
- баланстагы жергиликтүү жолдорго жылына 2 жолудан автогрейдер салуу жана жолду тегиздеп туруу,
- авариялык коркунучтуу абалда болгон Кызыл-Кыя - Бешбуркан жолун 2011-жылдын 1-июлуна чейин калыбына келтирүү,
- аткарылган жумуштар боюнча 2 айлык мөөнөттө райондук кеңешке билдирүү берүү милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине № 37- ЖТИнын атайын техникалык абалынын өтө начардыгына байланыштуу райондук кенештин атынан кат жөнөтүлсүн.
4. Ош-Исфана жолунда чоң салмактуу автоунаалары жүргөндүгү боюнча Кызыл-Кыя «ЮКЦ» ЖАК цемент заводу жана көмур ташыган «Ош Пирим» ЖЧК мекемесинин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү Ноокат райондук кецешине сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук кенештин «Транспорт, курулуш, өнөр жай жана энергетика» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ноокат райондук кенешинин төрагасы |
М.Ташбаев |