Редакцияот 28.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз 9-сессиясы

 

2017-жылдын 28-апрели № 9/2

Кочкор районунун Кочкор айыл аймагынын 2017-2020-жылдарга карата “Менин аймагым саламаттыктагы аймак” подпрограммасы бекитүү жөнүндө

Кочкор айыл аймагынын жашоочуларынын 2017-жылдын 26-апрелинде өткөрүлгөн чогулушунун №5-протоколун карап, талкуулап, айылдык кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор районунун Кочкор айыл аймагынын 2017-2020-жылдарга карата “Менин аймагым саламаттыктагы аймак” подпрограммасы бекитилсин.

2. “Менин аймагым саламаттыктагы аймак” подпрограммасынын аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Балкыбеков