Редакцияот 28.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз 9-сессиясы

 

2017-жылдын 28-апрели № 9/3

Көрүстөн маселеси боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

Кочкор айыл аймагы боюнча көрүстөн маселесин талкуулап, жеринен карап мыйзам чегинде чечүү максатында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көрүстөн маселеси боюнча убактылуу комиссия түзүлсүн.

2. Комиссиянын курамына Кочкор айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана экологияны коргоо боюнча туруктуу комиссиясы толук жана укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Базаров Акжол Сүйүнбекович киргизилсин.

 

Төрага

Т. Балкыбеков