Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-апрели № 9/4
Жайыт жерлерин өнөр-жай, транспорт, байланыш коргоо жана башка багыттагы жерлерге которууга (трансформациялоого) сунуш кылуу жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы “Көл-Үкөк” өзөнүнүн “Көк-Кыя” аймагындагы жерлерден электр чордонунун имаратын куруу боюнча көптөгөн сунуштар түшкөн. Жогорудагы жер аянттары асылдуулугу төмөн жерлер болгондуктан ал жерлерди өнөр-жай, транспорт байланыш коргоо жана башка багыттагы жерлерге которууга “жерлерди бир категориядан бир категорияга же бир түрдөн башка түргө которуу тартиби жөнүндө” Жобонун V бөлүмүнүн 31 пунктунун “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагынын “Көл-Үкөк” өзөнүнүн “Көк-Кыя” аймагында №654-контурунан 4500 чарчы метр, “Терстөр” суусунун Көл-Үкөк өзөнүнө болгон куйулмасынын күн батыш тарабынан №711-контурунан сууну нугунан 2-башкы гидротехникалык курулманы куруу үчүн 5000 чарчы метр жайыт жер аянттары жайыт жерлердин категориясынан курулуш алдындагы жерлер категориясына которууга сунуш кылынсын.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
Төрага | Т. Балкыбеков |